Ысык-Көлдө экологияга келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

Ысык-Көлдө экологияга келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

Ысык-Көл районунда жаратылышты коргоо тармагындагы мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 17 миллион сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан КРнын Жер жана Токой кодекстеринин, ошондой эле "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамынын талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ысык-Көл токой чарба кызматында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында токой жана айыл чарба өндүрүшүнө келтирилген зыян үчүн төлөмдөр өз убагында жүргүзүлбөй келгендиги, ошондой эле алынбай калган пайда үчүн компенсациялар төлөнбөй калгандыгы аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды жоюу максатында райондук прокуратура тарабынан прокурордук акт киргизилип, анын негизинде мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 17 401 200 сом өлчөмүндө каражат өндүрүлдү.

Бул иш-чаралар айлана-чөйрөнү коргоо жана мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кылуу багытындагы көзөмөлдүн күчөтүлүп жатканын көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо саркынды сууларды тазалоочу жай августта ишке берилет

Караколдо саркынды сууларды тазалоочу жай августта ишке берилет

Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу заманбап жай быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Долбоор шаардын экологиясын жакшыртууга, тургундар үчүн коопсуз шарт түзүүгө жана шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга багытталган. Станциянын курулушу эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта объекттин

Эл аралык агрофорум: инвестиция жана технология маселелери көтөрүлдү

Эл аралык агрофорум: инвестиция жана технология маселелери көтөрүлдү

Өзбекстандын Ташкент шаарында туруктуу агроэкосистемалар темасында "Италия – Борбор Азия (С5) – Азербайжан" форматындагы бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Форумга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары А.Ж. Жээналиев катышып, баяндама жасады. Ал өз сөзүндө агрардык сектордун артыкчылыктуу

Сузакта 7,2 чакырымдан ашык автожол асфальтталат

Сузакта 7,2 чакырымдан ашык автожол асфальтталат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя – Нервти – Пром – Үч-Мазар – Дөш автожолунун 7 чакырым 250 метр аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда жолду асфальттоого даярдык көрүү максатында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Аталган жол буга чейин кара шагыл жол болуп, асфальт катмарынын жоктугунан жергиликтүү тургундар

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

КРнын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүнөн алган маалыматка таянып билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, 25-март күнү КРнын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз” иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Сурактын жыйынтыгында, Тургунбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу