Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

КРнын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүнөн алган маалыматка таянып билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, 25-март күнү КРнын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз” иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Сурактын жыйынтыгында, Тургунбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, Мелис Тургунбаев 2013-2020-жылдары мамлекеттик “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы болуп, 2020-2021-жылдары Башкармалыктын төрагалыгын аркалаган. Ал эми Улуттук банктын төрагасы кызматына 2024-жылдын июнь айында дайындалып, 2026-жылдын март айына чейин иштеген.  Ага чейин КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматын да аркалап келгендиги белгилүү.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Ош шаарындагы Увам каналынын жээгинде шаар тургундары үчүн жаңы заманбап коомдук мейкиндик түзүлүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мурда мыйзамсыз курулуштардан бошотулган аймакта жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу отургучтар коюлду. Ошондой эле автоматтык сугаруу тутуму жана түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулду. Жакын арада жаңы сейил бак пайдаланууга берилип, шаар

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, алгач Министрлер Кабинетинин төрагасы Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолдордогу курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Жети-Өгүз курортуна баруучу унаа жолдун жана Каракол – Барскоон унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү