Айыл чарбасын жер семирткичтер менен камсыздоо маселеси талкууланды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков минералдык жер семирткичтерди импорттоочу компаниялар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда республикага жер семирткичтерди ташып келүүнүн учурдагы абалы, жеткирилген көлөмдөр жана баа саясаты талкууланды. Ошондой эле тармактагы негизги көйгөйлөр айтылды.
Катышуучулар өлкөнү минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, ошондой эле көйгөйлөрдү ыкчам чечүү зарылдыгын белгилешти.
Жыйынтыгында Эрлист Акунбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга жаралган маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.