"Алга" стадиону жеке менчикке өттүбү? Мэрия түшүндүрмө берди

"Алга" стадиону жеке менчикке өттүбү? Мэрия түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы "Алга" стадионун пайдалануу тартиби жана анын макамы боюнча тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадион аймагында батыш, борбордук жана чыгыш кире бериштер каралган. Батыш тарабы спорт секцияларына катышкан балдар үчүн, чыгыш тарабы студенттер жана шаар тургундары үчүн ачык. Борбордук кире бериш аркылуу кирүү каралган эмес.

Чуркоо жолдору күн сайын саат 06:00дөн 11:00гө чейин бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү. Ал эми саат 11:00дөн 19:00гө чейин футбол машыгууларына байланыштуу кирүүгө чектөө коюлат. Ошондой эле коопсуздук максатында футбол талаасына чыгууга тыюу салынат. Үй матчтары учурунда чуркоо жолдору толугу менен жабылат.

Мэрия стадион жеке менчикке өттү деген маалымат чындыкка дал келбесин белгиледи. Объект муниципалдык менчик болуп саналат жана мэриянын балансында турат.

Ошондой эле жарандардан белгиленген эрежелерди сактоо жана коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылуу өтүнүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 22 ири долбоор ишке ашып, 1500дөн ашык жумуш орду түзүлөт

Таласта 22 ири долбоор ишке ашып, 1500дөн ашык жумуш орду түзүлөт

Талас облусунда 22 ири долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1500дөн ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда президенттин тапшырмасы менен аймакта бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул демилгелер экономикалык өсүштү камсыздоого жана аймакты өнүктүрүүгө

Курулуш тармагында ата мекендик өндүрүшкө артыкчылык берилет

Курулуш тармагында ата мекендик өндүрүшкө артыкчылык берилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Маткасым” үй-тиричилик товарларын өндүрүүчү заводго барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр ишканада өндүрүлгөн мектеп парталары, стол, отургучтардын сапаты жана өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын жетекчиси менен жеринде баарлашты. Жолугушууда жаңы курулуп жаткан билим берүү мекемелерин ата мекендик өндүрүштөн

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында Осмонкул көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү 2026-жылдын 30-мартынан тарта жол кыймылы үчүн жабылат. Бул чечим жолду реконструкциялоо жана жылуулук тармагын жаңылоо иштерине байланыштуу кабыл алынды. "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы аталган тилкеде узундугу 260 метр болгон, диаметри 300 мм эки түтүктөн турган жылуулук магистралын алмаштырат. Аталган

Курулуш тармагында 1,5 млн сом финансылык мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш тармагында 1,5 млн сом финансылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудити жүргүзүлдү. Аудиттин жыйынтыгында финансылык эсепке алууда, бюджеттик мыйзамдардын талаптарын сактоодо жана курулуш иштерин жүзөгө ашырууда бир катар олуттуу шайкеш келбестиктерге жол