Бишкек шаарында ысык сууга болгон төлөм кымбаттады
“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы ысык суу менен камсыздоо тарифинин өзгөргөндүгү тууралуу маалымдады. Билдирүүгө караганда, бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин буйругу менен бекитилген.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-мартынан тартып (салыктарды эсепке албаганда) ысык сууга жаңы тариф белгиленди. Ал эми жылуулукка болгон тариф өзгөрүүсүз калат. Жаңы тариф көрсөтүлгөн күндөн тартып ысык суу үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө колдонула баштайт.
Жаны тариф менен калк үчүн: эсептөө приборлору барлар 1куб.м ысык суу үчүн - 141 сом 89 тыйын, ал эми прибору жок санаганда айына 1 адамга 681 сом 08 тыйындан эсептелет.
“Бишкекжылуулуктармагы” коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдарды пландаштырууда, ушул өзгөртүүнү эске алууну сунуштайт.
