Бишкекте Чоң Чүй каналынын жээги реконструкцияланат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жаш Гвардия бульварынан тартып Элебаев көчөсүнө чейинки аймакты көрктөндүрүү иштеринин биринчи этабы менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Биринчи этапта канал жээги камыштардан жана бадалдардан тазаланып, дарактар санитардык бутоодон өтүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды демонтаж кылуу иштери жүрүп жатат. Бул иштерге 10дон ашык атайын техника жана 30га жакын кызматкер тартылган.
Экинчи этапта жээкти бекемдөө жана жол куруу мүмкүнчүлүгү каралса, үчүнчү этапта заманбап сейил бак (променад) куруу пландалууда.
Долбоордун негизги максаты — аймактын экологиялык абалын жакшыртуу, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүү жана коопсуздукту жогорулатуу.


