Бишкекте курулуш талаптарын бузган объектилерге эскертүү берилди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкектеги бир катар объектилерде техникалык коопсуздук жана курулуш талаптары толук сакталбаганы аныкталды. Алардын катарына Жибек-Жолу көчөсүндөгү 14 кабаттуу бизнес борбору, Турсунбаева көчөсүндөгү 10 кабаттуу турак үй жана Көк-Асаба көчөсүндөгү 9 кабаттуу турак үй кирет.
Аталган объектилерде иш алып барган “Имарат Восток” жана “Сафа Инвест” компанияларына жазуу түрүндө эскертүүлөр берилип, мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күндүк мөөнөт белгиленди.
Министрлик курулуш иштеринде коопсуздук эрежелерин жана техникалык талаптарды так сактоо куруучулардын негизги милдети экенин эскертет.


