Европа өлкөлөрүнө жумуш убада кылган фирма жоопко тартылды
Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарды чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүү фактысын аныктады.
ИИМдин маалыматына ылайык, Asia Consult Visa компаниясы тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, жарандарды Дания жана Германияга ишке орноштуруу менен алектенип келген. Компания “визалык колдоо көрсөтүү” деген шылтоо менен иш жүргүзгөн.
Аталган факты боюнча ишканага карата “жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк” беренеси менен административдик протокол түзүлдү.
ИИМ бул компаниянын аракеттеринен жабыркаган жарандарды Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылууга чакырат.
Министрлик чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгү атайын лицензиянын негизинде гана жүргүзүлөрүн эскертип, жарандарды кызмат көрсөтүүчү тараптын документтерин кылдат текшерүүгө жана шектүү сунуштардан этият болууга чакырды.