Кыргызстан жана Корея коррупцияга каршы биргелешип иш алып барат
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М. Асаналиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже менен жолугушту.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды. Атап айтканда, коррупцияга каршы аракеттенүү, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын укуктарын коргоо жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн санариптештирүү маселелерине көңүл бурулду.
Башкы прокурор ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, туруктуу укуктук чөйрө мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташуунун негизги фактору болуп саналат.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.


