Россияда үй-бүлөлүк ипотека программасына киргизилген өзгөртүүлөр карама каршы таасирин берүүдө
Россияда үй-бүлөлүк ипотека программасына киргизилген өзгөртүүлөр күтүлбөгөн кесепеттерди жаратып, үй-бүлөлөрдүн көп ажырашуусуна себеп болууда. Бул тууралуу адвокаттык бюро ZE Lawgic Legal Solutions өкүлү Ольга Елагина РИА Новостиге билдирген.
Маалыматка ылайык, жаңы эреже боюнча бир үй-бүлөгө бир гана жеңилдетилген ипотека берилиши шартталат. Ушундан улам айрым жарандар эки өзүнчө насыя алуу үчүн жасалма ажырашууга барышууда. Натыйжада өлкөдө ажырашуулардын саны орточо 6–11%га өскөнү белгиленди.
Эксперттер мындай аракеттер олуттуу тобокелдиктерди жаратарын эскертишет. Жасалма ажырашуу аныкталса, ипотекалык келишим жокко чыгарылып, алынган каражат пайыздары жана айыптары менен кайтарылышы мүмкүн. Мындан тышкары, мындай учурлар алдамчылык катары бааланып, айып пул же кылмыш жоопкерчилигине чейин алып келиши ыктымал.
Адистердин баамында, бул көрүнүш массалык мүнөзгө айланып кетпеши мүмкүн, бирок ипотека шарттарын өзгөртүү өлкөнүн социалдык жана демографиялык жагдайына зыянын тийгизери айтылууда.