Токтогулда 4,5 млн сомго заманбап мал союучу жай курулуп, ишке берилди
Токтогул районунда райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен заманбап мал союучу жай ачылып, пайдаланууга берилди. Долбоорго жалпысынан 4,5 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жаңы объект күнүнө 10 баш мал союуга ылайыкталган. Ошондой эле төрт туруктуу жумуш орду түзүлдү. Мындан тышкары, аймагында 100 баш бодо малды багууга шарт каралып, жалпы аянты 15 сотыхты түзөт.
Долбоор жеке ишкер Конурбаев Тилектин демилгеси менен ишке ашкан. Ал аймактагы эт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган.
Мындай долбоорлор айыл чарба тармагын колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу саясатынын алкагында ишке ашырылууда.