Жумгалда 2 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Нарын облусунун Жумгал районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 2 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Байзак айыл аймагындагы “Каражээк” участогунда жайгашкан ички жайыт чабынды жер мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Бул боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы сотко кайрылып, Жумгал райондук соту 2006-жылы түзүлгөн сатып алуу келишимин жокко чыгарды.
Натыйжада 2 гектар айыл чарба багытындагы жер толугу менен мамлекеттин балансына кайтарылды.