Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты.
Ведомстводон маалымдагандай, аталган көп функционалдуу шаар комплекси Бишкектин Термечиков көчөсү, 16 дарегинде курулууда. Долбоор 2025-жылдын жазында башталып, заманбап архитектуралык жана сейсмикалык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ишке ашырылып жатат.
Институт өкүлдөрү курулуш иштерине баа берип, коопсуздук стандарттарын так сактоо зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле сейсмикалык туруктуулукту камсыздоочу технологиялар жана инженердик чечимдер талкууланды.
Долбоор “шаар ичиндеги шаар” концепциясы менен курулуп, анын курамына турак жайлар, коммерциялык жайлар, коомдук объектилер жана жашыл аймактар кирет.


