Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган.
Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.
Аталган иштер сугат системасын жакшыртып, суу жоготууларын азайтууга багытталган.