Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады
Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо тууралуу Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу өнөктүгү 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталды.
Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай күбөлүктөрдү белгиленген тартипте алмаштыруу улантылат. Бул учурда медициналык маалымкат талап кылынбайт.
Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле өнөктүктүн жыйынтыгы боюнча отчет даярдоо милдети жүктөлдү.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 31-мартына чейин арыз берген жарандар кызматты мурдагы шарттар менен алышат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.