УКМК "Улуттук электр станциялар тармактары" АККнын кызматкерлерин кармады

УКМК "Улуттук электр станциялар тармактары" АККнын кызматкерлерин кармады

УКМК кызматкерлери коррупция жана мыйзамсыз акча чогултуу шеги менен "УЭСТ" ААКнын Чүй электр тармактар ишканасынын кызмат адамдарын кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында аталган ишкананын айрым кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталган.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө айтылгандай, 2026-жылдын 27-мартында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча каралган кылмыш белгилери менен АИС ЕРПде катталган иш боюнча, 70 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Аламүдүн районунун Лебединовка участогунун "УЭСТ" ААКнын Чүй электр тармактар ишканасынын сатуу кызматынын башчысы Ж.Э.Ж., ошондой эле кызматтын инспекторлору К.А.Ж. жана М.А.М. кармалган.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media