Ала-Арча жээгиндеги курулуштар бузулуп, 5 жаранга айып пул салынды
Бишкек шаарында Алтымышев көчөсүндө, Ала-Арча дарыясынын жээгин бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бул чаралар өзгөчө кырдаалдар учурунда дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулганы маалымдалды.
Иш-чаранын алкагында бир катар мыйзамсыз объекттер демонтаждалды. Анын ичинде темир тосмолор, жеңил типтеги курулуштар, күркөлөр, контейнерлер, бастырмалар, ошондой эле химтазалоо жана сулуулук салону сыяктуу капиталдык объекттер бар.
Жыйынтыгында жалпы 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жаранга жалпы 150 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле Алтымышев көчөсү, 124 дарегинде жайгашкан СПА-салон боюнча жер тилкесин бошотуу маселеси көтөрүлүп, тиешелүү органдарга расмий кат жөнөтүлгөнү белгиленди.
Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык жерлерди тартипке келтирүү жана шаардык инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.


