Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн
Бишкек шаарында интернет байланыш операторлоруна зымдарды кыска мөөнөттө жер алдына көчүрүү талабы коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27- мартта Бишкек мэриясы интернет операторлоруна эки күндүн ичинде байланыш зымдарын жер алдына өткөрүүнү тапшырган. Бул чечим “ачык асман” долбоорунун алкагында кабыл алынган. Аталган долбоор Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатын көздөйт.
Бул талапка байланыштуу Бишкек шаардык транспорт ишканасы шаардагы бир катар негизги көчөлөрдө зымдарды алып салууну талап кылган.
Алардын катарына Жибек Жолу, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Ахунбаев, Горький жана башка көчөлөр кирет.
Мэрия белгилегендей, 31-мартка чейин зымдар алынбаса, мажбурлап демонтаж жасалышы мүмкүн. Мындай учурда байланыш линияларынын сакталышына жана интернет кызматтарындагы мүмкүн болгон үзгүлтүктөргө жоопкерчилик каралбайт.
Ассоциациянын өкүлдөру 2 күндө мындай ири ишти аткаруу мүмкүн эместигин жана мэриянын бул талабы таң калыштуу экендигин билдирип, эгерде чечимге ылайык, кыска мөөнөттө демонтаж болсо, шаардын айрым аймактары убактылуу интернет байланышы жок калышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө.