Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат
Министрлер Кабинети менен "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Келишимдин алкагында Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер өндүрө турган цемент заводун куруу пландалууда.
Инвестициялык келишимге Министрлер Кабинетинин атынан Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин башчысы Р.А. Сабиров, ал эми компаниянын атынан башкы директордун орун басары Хуа Цзяньфэй кол койду.
Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 137,6 миллион АКШ долларын түзөт.
Бул долбоор аймактагы өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болору күтүлүүдө.