Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүүгө 120 миң сомго чейин айып пул салуу каралып жатат

Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүүгө 120 миң сомго чейин айып пул салуу каралып жатат

Жогорку Кеңешине Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Ал жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.

Документ жаңы берене киргизүүнү карайт. Ага ылайык, жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүү, сактоо, өткөрүп берүү жана таратуу үчүн жоопкерчилик белгиленет.

Тактап айтканда, жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн:

  • жеке жактарга — 7,5 миң сом айып пул,
  • юридикалык жактарга — 65 миң сом айып пул салуу сунушталууда.

Кайрадан (кайталанып) бузуу болгон учурда айып пулдар төмөнкүдөй көбөйөт:

  • жеке жактар үчүн — 25 миң сомго чейин,
  • юридикалык жактар үчүн — 120 миң сомго чейин.

Ошол эле учурда мыйзам долбоору менен учурдагы айрым нормаларды (4132–4135-беренелерди) күчүн жоготту деп таануу сунушталууда, анткени алар жаңы жөнгө салууну кайталап жатат.

Түшүндүрмө катта белгиленгендей, бул өзгөртүүлөр мыйзамдарды Санариптик кодекске шайкеш келтирүү максатында киргизилүүдө. Аталган кодекс жеке маалыматтарды иштетүү жана коргоо маселелерин системалуу түрдө жөнгө салат. Мындан тышкары, айып пулдардын чектери такталып, мындай укук бузууларды караган органдардын ыйгарым укуктары кайра бөлүштүрүлөт.

Долбоордун демилгечилери белгилегендей, мыйзам долбоору негизинен редакциялык-техникалык мүнөзгө ээ болуп, нормалардын кайталоосун жоюп, санариптик маалыматтар тармагында укуктук аныктуулукту жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан