1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

2026/27-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарына окуучуларды каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025/26-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасын этап-этабы менен киргизүүгө жана бир эле учурда 1- жана 2-класстарга кабыл алуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу айрым мектептерде орун жетишсиздиги жаралган. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн микроаймак (зоналык бөлүштүрүү) принциби киргизилген.

2026/27-окуу жылында жаңы тартипке ылайык, каттоо ар бир мектепке бекитилген микроаймак боюнча гана жүргүзүлөт.

Бул чечим Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. Киргизилген өзгөртүүлөр борбор калаада калктын жыш жайгашуусун эске алуу менен мектептерге түшкөн жүктү тең бөлүштүрүүгө багытталган.

Буга чейин ата-энелердин бири 1-класска каттоодо мектепти тандоо мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине нааразы болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

“Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026” иш чарасынын алкагында, ОшМУда масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү. Ишчарага Улуттук банк ЕККУ, ИИМ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, финансы секторунун өкүлдөрү менен биргеликте студенттер, окуучулар жана шаар тургундарынан турган 500дөн ашуун киши катышты. Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлагандай, жарманкенин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи. "Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мониторингдин