Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинде демонтаж иштери башталды

Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинде демонтаж иштери башталды

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки тилкесинде жайгашкан объекттерди демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Шаар мэриясынын комиссиясынын чечими менен 13 чарба субъект менен түзүлгөн келишимдерди токтотуу каралган. Учурда алардын ичинен 10 объект боюнча келишимдер буга чейин токтотулуп, калган 3 объект боюнча акыркы чечим кабыл алынууда.

Маалым болгондой, өткөн кыш мезгилинде Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан эскертмелер берилип, ээлеп турган аймакты ыктыярдуу бошотуу үчүн мөөнөт белгиленген.

Демонтаж иштери аяктагандан кийин бошотулган аймак жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда 8,5 чакырым жол асфальтталат

Араванда 8,5 чакырым жол асфальтталат

Араван районундагы Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө – Коргон авто жолунун 8,5 чакырым аралыгына асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө. Учурда аталган тилкеде жер иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бүгүнкү күндө 2 чакырым жол асфальт төшөөгө толук даярдалып, жакынкы күндөрү негизги иштерди баштоо пландалууда. Бул жол аркылуу

Өзгөн жана Кызыл-Кыяда суу жана канализация системалары жаңыланды

Өзгөн жана Кызыл-Кыяда суу жана канализация системалары жаңыланды

Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Туманов Өзгөн жана Кызыл-Кыя шаарларында суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорлорунун аякташына арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Элчиси Реми Дюфло да катышты. Долбоорлордун алкагында суу инфраструктурасы жаңыланып, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана ишенимдүүлүгү жогорулады. Ошондой

"Жыргалаң" курортунда гондолалуу аркан жол сыналып жатат

"Жыргалаң" курортунда гондолалуу аркан жол сыналып жатат

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң тоо-лыжа курортунда аркан жолдун кабиналары орнотулганын Ала-Тоо Резорт ААКсы билдирди. Компаниянын маалыматына ылайык, В1 жана В2 линияларында сыноо иштери башталды. Анда австриялык Doppelmayr компаниясынын заманбап гондолалуу кабиналары колдонулууда. Алар эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берет. Белгиленгендей, кабиналар жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулугу жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланат. Сыноо учурунда адистер

Ташкент облусунда жасалма жамгыр жаадырылат

Ташкент облусунда жасалма жамгыр жаадырылат

Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жамгыр технологиясы колдонула баштарын Kazinform маалымдайт. Маалыматта белгиленгендей, аталган технология эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен этап-этабы менен ишке ашырылат. Анын алкагында 2027-жылдын 1-октябрына чейин Ташкент шаарында жана облусунда нымдуулугу төмөн аймактарга жасалма жамгыр чакыруучу керектүү жабдуулар орнотулат. Долбоордун максаты