Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук талаптарын одоно бузган учурлар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ошондой эле Кара-Балта шаарында жүк ташуучу унаалардын абага бөлүп чыгарган зыяндуу заттары текшерилип, айрым унааларда түтүн деңгээли нормадан кыйла ашканы аныкталды. Бул боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Рейддин негизги максаты — объекттерди жабуу эмес, коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыздоо. Талаптарды сактаган ишкерлерге уруксат документтерин алууда көмөк көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан мыйзам бузууларга карата катуу чаралар көрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

"Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр – Г.Акимбаева

"Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр – Г.Акимбаева

Белгилүү "Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гульнара Акимбаева билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын "Аламүдүн" кичи районунда жайгашкан кафе шаар бийлигинин чечимине ылайык бузулууга тийиш болгон. "Ээси объектти мамлекетке берүүгө даяр экенин билдирүүдө, бирок алты ай мөөнөткө жылдырууну

Араван районунда арзан жер семирткич сатуучу дүкөн ачылды

Араван районунда арзан жер семирткич сатуучу дүкөн ачылды

Араван районунда “Элдик” агрардык дүкөнү ачылды. Аталган дүкөн дыйкан-фермерлерди колдоо максатында мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен жеке ишкердин ортосунда ишке ашырылды. Бул жерде Араван районундагы дыйкандар үчүн арзан баадагы сапаттуу үрөн, жер семирткичтердин түрлөрү сунушталат. Бүгүнкү күндө бул жерде органикалык

ИИМ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды

ИИМ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыш иши Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде, "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон. ИИМдин маалыматына ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө мурда Жогорку Кеңештин депутаты кызматын аркалаган Шаирбек

Кожомкул айылында белгиленген чектен чыгып кеткендерге айып пул салынды

Кожомкул айылында белгиленген чектен чыгып кеткендерге айып пул салынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын Школьная көчөсүнүн жээгинде жайгашкан объектилерге текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым жер ээлери өздөрүнө тиешелүү болгон жер тилкелеринин белгиленген чегинен чыгып кеткендиги аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар боюнча