Кожомкул айылында белгиленген чектен чыгып кеткендерге айып пул салынды

Кожомкул айылында белгиленген чектен чыгып кеткендерге айып пул салынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын Школьная көчөсүнүн жээгинде жайгашкан объектилерге текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым жер ээлери өздөрүнө тиешелүү болгон жер тилкелеринин белгиленген чегинен чыгып кеткендиги аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар боюнча “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 149-беренесине ылайык 246 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана жер тилкелерин белгиленген чек арасына келтирүү үчүн жер ээлерине 15 күндүк мөөнөт берилди.

Кызмат тарабынан жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларда көрсөтүлгөн чек араларды так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

28-сентябрда Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик органдардын, Бишкек мэриясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун жана эксперттердин өкүлдөрү катышты. Жыйынды Экономика министрлиги жана Швейцария Өкмөтү каржылаган, ХЕЛЬВЕТАС уюштурган "Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Москва районундагы оорукана жана мектептин абалы менен таанышты

Адылбек Касымалиев Москва районундагы оорукана жана мектептин абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар менен бүгүн Чүй облусунун Москва районунда болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач Беловодское айылындагы Жалпы медициналык практика борбору көрүлдү. Имарат 1970-жылы курулган, 171 орундуу. Борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 ФАПты жетектейт.

Ишкер Media
Улуттук банкта коррупцияга каршы окутуу өттү

Улуттук банкта коррупцияга каршы окутуу өттү

Улуттук банкта кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана ички коопсуздукту бекемдөөгө багытталган окуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу "Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат: стратегиялык багыттары, ишке ашыруу механизмдери жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системалары" темасында лекция окуду. Лекцияда

Ишкер Media
Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Кыргызстандын базарларында брокколи импорттук азык катары саналат, бирок жергиликтүү фермерлер бул өсүмдүктү өзүбүздө өстүрүүнү өздөштүрө башташты. Алардын бири - Чүй облусундагы Адилхан Мирлан уулунун чарбасы. Быйыл фермер брокколи экинчи жолу өстүрүп жатат. Алгачкы жылы 50 сотых жерге эгилсе, быйыл аянт үч гектарга чейин көбөйгөн. Учурда түшүм жыйноо уланууда. Чарбада жалпысынан 60

Ишкер Media