Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. (Кундузбек Сулайманов) жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иш материалдарынан көрүнүп тургандай, С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын коргоо аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан "НарынГЭС" ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Учурда УКМК кармалган адамдардын башка укук бузууларга катыштыгын аныктоо, ушуга окшош фактыларды табуу, ошондой эле энергетика тармагындагы айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

“Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026” иш чарасынын алкагында, ОшМУда масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү. Ишчарага Улуттук банк ЕККУ, ИИМ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, финансы секторунун өкүлдөрү менен биргеликте студенттер, окуучулар жана шаар тургундарынан турган 500дөн ашуун киши катышты. Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлагандай, жарманкенин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи. "Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мониторингдин