Сузакта мал союу жайларында ветеринардык көзөмөл күчөтүлдү
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Сузак районундагы мал союу жайларында пландуу мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаныбарларды коштоочу ветеринардык документтердин болушу, оорулуу малдарды союуга жол бербөө жана идентификация талаптарынын аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Ошондой эле союу пункттарындагы санитардык абал, дезинфекциялык тоскоолдуктардын болушу жана колдонулушу текшерилип, ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Адистер ветеринардык көзөмөлсүз мал союуга жол берилбестигин эскертишти. Мындан тышкары, соода жайларында лабораториялык текшерүүдөн өтпөгөн этти сатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралар калктын ден соолугун коргоого жана жугуштуу оорулардын алдын алууга багытталган.