Бишкек мэри ишке берилбей жаткан спорт зал боюнча чара көрүүнү тапшырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жукеев-Пудовкин көчөсү, 41а дарегинде жайгашкан оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин жаңы мелдеш залын текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объект 2025-жылдын 31-августунда расмий ачылганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга бериле элек.
Текшерүү учурунда шаар башчысы пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнүн кечигүүсүнө нааразычылык билдирип, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп, укуктук баа берүү тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, спорт зал Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулган. Анын жалпы аянты 568 чарчы метрди түзөт.


