Камбоджада алдамчылыкка шектелген кыргызстандык кармалды
Камбоджанын борбору Пномпень шаарында кол-борборго жүргүзүлгөн рейд учурунда 20 чет элдик жаран кармалды. Алардын ичинде 19 Кытай жараны жана Кыргызстандын бир жараны бар экенин Khmer Times гезити билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр алдамчылык иштерине катышы бар деп эсептелген кол-борбордо тинтүү жүргүзүлүп жаткан учурда кармалган.
Онлайн алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында Пномпень шаарынын күч түзүмдөрү борбордогу Сен-Сок району аймагында бир катар рейддерди өткөрүшкөн. Басылманын маалыматына караганда, операциянын жыйынтыгында 20 чет элдик жаран кылмыш үстүндө кармалган.
Камбоджанын өкмөтү 2023-жылдын август айынан бери өлкөнүн киберкылмыштуулуктун аймактык борбору деген аброюн жоюуга багыт алган саясат жүргүзүүдө. Учурда бийлик мыйзамсыз онлайн иштерге жана башка мыйзам бузууга катышкан 50 миңден ашуун чет элдик жаранды депортациялаган.