Казакстандын туусу дүйнөдөгү эң кооз туу катары таанылды
Интернет колдонуучулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Казакстандын мамлекеттик туусу дүйнөдөгү эң кооз туулардын ичинен биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Tengri Life маалымдады.
Маалыматка ылайык, Reddit платформасында өткөн Flags of the World аттуу онлайн-турнир жыйынтыкталып, колдонуучулардын добушу менен казакстандын көгүлтүр түстөгү желеги жеңүүчү деп табылган. Финалда ал Кирибати мамлекетинин туусун артта калтырган.
Жыйынтык боюнча мыкты төрттүккө Казакстандан сырткары, Сейшел аралдары, Бутан, Кирибати өлкөлөрүнүн туулары кирген.

Ушул эле платформада учурда дүйнөдөгү эң кооз мамлекеттик гербди аныктоо боюнча дагы сынак жүрүп жатат. Бул таймашта Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Монголия, Пакистан жана Мальдива аралдары да бар. Добуш берүү азыр да уланууда, анын жыйынтыгында дүйнөдөгү эң кооз мамлекеттик гербдин аныкталышы күтүлөт.