"Адилет" конушундагы суу маселеси боюнча мэрия түшүндүрмө берди
Бишкек шаарынын мэриясы "Адилет" конушунда ичүүчү суунун убактылуу жоктугу боюнча түшүндүрмө берип, коомчулукту адаштырган такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Муниципалитет билдиргендей, учурда тиешелүү кызматтар суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча этап-этабы менен иштерди жүргүзүүдө. Долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылып жатат.
"Адилет" конушун таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2026-жылга долбоорлоо-изилдөө иштери титулдук тизмеге киргизилди. "Бишкексууканал" ишканасынан техникалык шарттар алынган, мындан аркы иштер белгиленген нормативдерге ылайык жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, аталган конуш административдик-аймактык реформанын алкагында Свердлов районуна кошулган.
Мэрия ошондой эле бардык иштер туруктуу көзөмөлдө экенин маалымдап, "Ак-Жар" жана "Нуркожо" конуштарында да суу менен камсыздоо системаларын куруу пландалып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, шаар бийлиги ЖК депутаты Улукбек Карыбек уулун такталбаган жана популисттик маалыматтарды таратуудан карманууга чакырды.