Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курула башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп  курула башталды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу башталды.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда курулуш аянтында жер казуу иштери аяктап, негизги этаптарга өтүү алдында турат. Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, мектеп заманбап талаптарга ылайык салынары белгиленди.

Башкы планга ылайык, жаңы билим берүү мекемеси жалпы аянты 5257 чарчы метрди түзгөн, 5 блоктон турган, эки кабаттуу имарат болот.

Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1200дөн ашык окуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде аймактагы билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири болгон орун жетишсиздигин жоюуга шарт түзөт.

Учурда иштеп жаткан мектепте орун тартыштыгы байкалып, бир класста 40–50гө чейин окуучу билим алууга мажбур болуп жатканы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта курулуш талаптары сакталбаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды

Сузакта курулуш талаптары сакталбаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы Сузак районунун Курук-Сай участогунда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушун текшерди. Ведомствонун маалыматка ылайык, аталган объекттин курулушу боюнча буга чейин — 2026-жылдын 27-январында — долбоордук-уруксат берүүчү документтери жана тиешелүү экспертизалык корутундулары жок экени аныкталып, көрсөтмө берилген.

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда “Жерүй” чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталганын “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду “Альянс Гидро” ЖЧКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын катышуусунда ишке ашырууда. “Жерүй” комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВтка чейин жеткен, жылына болжол менен 80 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрө

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагына берилген жеңилдиктердин натыйжасында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин баалуу металлдар тармагы Финансы министрлигинин курамында болгон. Кийин тармак Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилип, аны өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер коюлган. “Кыргызстанда зергерчилик үчүн керектүү

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы убактылуу эки күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен коңшу өлкөдө “Цинмин” күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылууда. Ага ылайык, кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары 4-апрелде саат 20:00дөн тартып иштебей калат. Өткөрмө пункттары 6-апрелде кайрадан