Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагына берилген жеңилдиктердин натыйжасында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин баалуу металлдар тармагы Финансы министрлигинин курамында болгон. Кийин тармак Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилип, аны өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер коюлган.

“Кыргызстанда зергерчилик үчүн керектүү алтын өзүбүздө өндүрүлгөнү менен, көпчүлүк учурда чийки зат катары экспорттолуп келген. Ошол эле учурда Түркия жана Тайвань сыяктуу өлкөлөрдөн даяр зер буюмдары импорттолуп жаткан. Бул жагдайды өзгөртүү максатында президент тарабынан тармакты өнүктүрүүгө багытталган атайын Жарлык кабыл алынган”, — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Жарлыкка ылайык, зергерлерге алтын дүйнөлүк рыноктогу баадан (Лондон фиксингинен) 2 %га арзан бериле баштаган. Мындан тышкары, алтын үчүн төлөмдү 6 айдан кийин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул чара зергерлерди насыя алып, кошумча пайыз төлөөдөн бошотууга багытталган.

Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле жабдууларды жаңыртуу жана адистерди окутуу үчүн 6 % менен жеңилдетилген кредиттер каралып, салык ставкасы 0,25 % деңгээлине чейин төмөндөтүлгөнүн белгиледи.

“Натыйжада тармакта олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда. Көмүскөдө жүргөн болжол менен 16 млрд сомдук алтын ачыкка чыгып, зергерлер расмий иштей баштады. Учурда тармак бюджетке 100 млн сомго жакын салык төлөп жатат”, — деди ал.

Эскерте кетсек, бул өзгөртүүлөр КРнын 2025-жылдын 31-декабрындагы «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуштарга айып салынды

Ошто мыйзамсыз курулуштарга айып салынды

Ош облусунда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынып, дагы бир объекттин курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалымдаогандай, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Араван айылындагы Ош-3000 көчөсүндө курулуп жаткан үч кабаттуу медициналык борборду жана Алай районунун Гүлчө шаарындагы дүкөндүн курулушун текшерген. Текшерүүнүн жыйынтыгында

Ишкер Media
Бишкекте "Тазалык" ишканасына 92 миң сом айып пул салынды

Бишкекте "Тазалык" ишканасына 92 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасына экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн 92 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ишкананын автоунааларын пландуу текшерүү учурунда алардан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемден ашканы аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп,

Ишкер Media
Жашыл шаар: Сынактын жеңүүчүлөрүнө 220 миң сомго чейин берилди

Жашыл шаар: Сынактын жеңүүчүлөрүнө 220 миң сомго чейин берилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Жашыл шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүнө 50 миңден 220 миң сомго чейин акчалай сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалымдалгандай сынактын катышуучулары беш номинация боюнча бааланган. "Шаар башчысы конкурстун уюштуруучуларына жана борбор калааны жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында бириккен шаар тургундарына ыраазычылык билдирди.

Ишкер Media
Жогорку Кеңештин депутаттары 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда иштешет

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда иштешет

28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө» токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Ага ылайык, эл өкүлдөрү 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда шайлоочулар менен иштешет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт. Буга чейин өлкө башчы, Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун бардык район

Ишкер Media