Бишкекте УКМКнын бала бакчасынын пайдубалына мезгил кутусу салынды
Бүгүн Бишкек шаарында УКМКга караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.
Белгиленгендей, жаңы курулуп жаткан бала бакча УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин балдары үчүн кызмат кылат.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик курулуш саясатынын артыкчылыктуу багыттары белгиленип, туруктуу жашоо чөйрөсүн түзүү, архитектура жана шаар куруу тармактарын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарбаны жана инженердик инфраструктураны модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


