Сузакта курулуш талаптары сакталбаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды

Сузакта курулуш талаптары сакталбаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы Сузак районунун Курук-Сай участогунда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушун текшерди.

Ведомствонун маалыматка ылайык, аталган объекттин курулушу боюнча буга чейин — 2026-жылдын 27-январында — долбоордук-уруксат берүүчү документтери жана тиешелүү экспертизалык корутундулары жок экени аныкталып, көрсөтмө берилген. Ошондой эле “Орис НПЗ” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынган.

Апрель айындагы кайра текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтмөлөр аткарылбаганы жана курулуш иштери талаптарды бузуу менен улантылып жатканы белгилүү болду. Натыйжада компанияга кайрадан протокол түзүлүп, дагы 200 миң сом айып пул салынды.

Белгиленгендей, мунайды кайра иштетүү сыяктуу өндүрүштүк объекттерди зарыл экспертизасыз жана техникалык көзөмөлсүз куруу аймактын экологиялык жана техникалык коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2" (ФОТП–2) программасын ишке киргизди. Бул максатта 500 млн сом каражат бөлүндү. Жаңы продукт айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. Программа үч негизги багытты камтыйт: мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган. Милиция

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

1-3-апрелде Бангкок шаарында Азия жана Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Алкактык макулдашуунун Туруктуу комитетинин бешинчи сессиясы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Заир Конурбаев Туруктуу комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Ал эми төрага болуп Азербайжан Республикасынын

МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе көчөсү 547 дарегинде жайгашкан корпусун "Бишкектеги Француз Альянсына" пайдаланууга берди. Тиешелүү тескемеге  төрага Адылбек Касымалиев кол койду. Бул даректе КУУнун 8-корпусу жайгашкан жана университеттин балансында турат. Документ социалдык маанидеги долбоорлорду жана демилгелерди колдоого багытталган. Ага ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги