Жер укугу боюнча эл аралык онлайн семинар өттү

Жер укугу боюнча эл аралык онлайн семинар өттү

КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде “Кыргыз Республикасындагы жер мамилелери жана жер талаштарын укуктук жөнгө салуу” темасында эл аралык онлайн семинар өткөрдү.

Аталган семинарга КРнын Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, Россия Мамлекеттик сот адилеттиги университетинин окутуучулары, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун судьялары да катышышып, баяндама жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жаңы Жер кодекси, анын өзгөрүүлөрү жана колдонуу өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндалып, жер талаштарын чечүүнүн укуктук механизмдери талкууланды.

Семинарга келген Россия жана Тажикстандык эксперттер, экологиялык укук, жарандардын укуктарын соттук коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча маалымат беришти.

Жыйынтыгында катышуучулар семинардын жүрүшүндө көтөрүлгөн актуалдуу маселелерди талкуулап, пикир алмашып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе көчөсү 547 дарегинде жайгашкан корпусун "Бишкектеги Француз Альянсына" пайдаланууга берди. Тиешелүү тескемеге  төрага Адылбек Касымалиев кол койду. Бул даректе КУУнун 8-корпусу жайгашкан жана университеттин балансында турат. Документ социалдык маанидеги долбоорлорду жана демилгелерди колдоого багытталган. Ага ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги

Сокулуктагы завод 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон өндүрдү

Сокулуктагы завод 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон өндүрдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Сокулук №8” асфальт-бетон заводу жогорку өндүрүштүк кубаттуулукта иш алып барууда. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, завод сезон башталгандан бери 2 миң тоннадан ашык асфальт-бетон чыгарган. 2026-жылга карата жалпысынан 60 миң тонна асфальт-бетон аралашмасын даярдоо пландалууда. Белгиленгендей, завод Чүй облусундагы Жол тейлөө ишканаларын

Сузакта курулуш талаптары сакталбаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды

Сузакта курулуш талаптары сакталбаган мунай заводуна 400 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы Сузак районунун Курук-Сай участогунда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушун текшерди. Ведомствонун маалыматка ылайык, аталган объекттин курулушу боюнча буга чейин — 2026-жылдын 27-январында — долбоордук-уруксат берүүчү документтери жана тиешелүү экспертизалык корутундулары жок экени аныкталып, көрсөтмө берилген.

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда “Жерүй” чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталганын “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду “Альянс Гидро” ЖЧКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын катышуусунда ишке ашырууда. “Жерүй” комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВтка чейин жеткен, жылына болжол менен 80 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрө