Трамптын коргонуу бюджетин 1,5 трлн долларга көбөйтүү сунушу эки ача пикир жаратты

Трамптын коргонуу бюджетин 1,5 трлн долларга көбөйтүү сунушу эки ача пикир жаратты

АКШнын президенти Дональд Трамп 2027-жылдын бюджети боюнча сунушун 3-апрелде Конгресске киргизди. Документ Иран менен болгон аскерий кагылыштын фонунда коргонуу чыгымдарын кескин түрдө, 500 миллиард долларга көбөйтүүнү жана “Алтын купол” сыяктуу жаңы коргонуу программаларын иштеп чыгууну карайт.

Трамп 2027-финансылык жылга АКШнын коргонуу бюджетин рекорддук 1,5 триллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады, бул учурдагы чыгымдардан 40%га көп. Ошол эле учурда башка беренелер боюнча чыгымдарды орто эсеп менен 10% кыскартуу пландалууда.
Трамп жыл башында ант кармап кызматка киришкенден кийин дароо эле чыгымдарды азайтып, бюрократияны жоет деген максатта DOGE түзүлгөн жана ошондон бери мамлекеттик кызматтардан он миңдеген адам иштен алынган, бир катар агенттиктер, мекемелер жоюлган жана бул талаш-талкуу жаратып, соттошууларга жол ачкан.
Жаңы долбоорго ылайык, 2027-жылы федералдык чыгымдар коргонууга жумшалчу каражаттын эсебинен 2026-жылга салыштырмалуу 400 млрд долларга көп болууда.

Конгресстеги демократтар администрация сунуштаган долбоорду колдобой турганын билдиришти.

Талкуулоо учурунда сунушталган долбоорго айрым түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. Көп учурда эки партиянын тең артыкчылыктарын эске алуу менен убактылуу бюджет кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.