Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды
Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды.
Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган.
Иш-чаралар дарыянын нугун тазалоо, коопсуздукту камсыз кылуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.