Аламүдүндө уруксатсыз иштеген объектилер жабылды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө шаар куруу мыйзамдарынын талаптары жана уруксат берүүчү документтердин бар-жогу каралды.
Жыйынтыгында “Күмүш Булак” эс алуу жайы жана “Таш-Дөбө Форель” коомдук тамактануу жайы тиешелүү уруксат документтери жок пайдаланууга берилгени аныкталды.
Мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом айып салынды. Талаптар аткарылганга чейин объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду.


