Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Бишкек шаарына Германиянын туроператору Lernidee Erlebnisreisen GmbH уюштурган эл аралык туристтик поезд келди. Поезд Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу багыты менен жүрөт.

"Кыргыз темир жолунун" маалыматына ылайык, поезд 6-апрелде "Бишкек-2" темир жол бекетине келип токтоду. Анын курамында 12 ыңгайлуу вагон бар.

Поездде Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Чыгыш Азиядан келген 60тан ашуун турист бар.

Конокторду майрамдык программа менен тосуп алышты. Туристтер үчүн музыкалык ансамблдин концерти уюштурулуп, кыргыз элинин колдонмо өнөр буюмдары тааныштырылды. Иш-чара "Кыргыз темир жолу" жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан өткөрүлдү.

Компанияда белгилешкендей, поезддин жүрүү графиги так сакталып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу менен ыңгайлуулугу камсыз кылынып жатат.

Мындай туристтик маршруттар Кыргызстанды темир жол туризми үчүн жагымдуу багыт катары таанытууга жана өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого өбөлгө түзөрү күтүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media
Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүктөн Жайыл районунун фермери Бактияр Чыналиев пайдаланып, "Кыргыз Агрохолдингдин" "Элита" филиалынан 15 баш абердин-ангус породасындагы мал сатып алган. "Буга

Ишкер Media
Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. Жаңы чектөөлөр

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media