Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү
Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту.
Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн ар түрдүүлүгү Бишкектин көрүнүшүн жаңылап, жазгы жагымдуу маанай тартуулады. Отургузуу иштеринде ар бир аймактын климаттык жана ландшафттык өзгөчөлүктөрү эске алынып, гүлдөрдүн туруктуу өсүшүнө шарт түзүлдү.
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана конокторун гүлзарларга аяр мамиле жасоого чакырып, жашыл шаардын сулуулугун сактоого үндөдү.