Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Учурда объекттин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жаңы мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап талаптарга ылайык, ири панелдүү типте курулду. Имаратта кең окуу класстары, лаборатория, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү, информатика классы, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Курулуш иштери 2025-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, Ак-Ордо конушунда мындан тышкары дагы эки ири мектептин курулушу уланууда.