«Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотур уюштурулат
КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана «Хан-Тенгри Нарын» ЖЧКсы менен биргеликте «Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотурду уюштурат.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, жарыш 2026-жылдын 4–7-май күндөрү Нарын шаары жана ага чектеш туристтик маршруттарда өтмөкчү. Иш-чаранын негизги максаты — активдүү эс алууну жайылтуу, ички туризмди өнүктүрүү, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү аркылуу аймактын туристтик жагымдуулугун арттыруу болуп саналат.
Велотурдун программасы төрт күнгө ылайыкталган жана 20 км аралыктагы велосипеддик жүрүштү, жөө сейилдөөлөрдү, этномаданий фестивалдарга катышууну, ошондой эле жергиликтүү театрга барууну камтыйт.
Мындан тышкары, программада бардык уюштуруучулук маселелер каралган: Бишкектен трансфердин варианттары, ар кандай жаш курактагы катышуучулар үчүн катышуу акысы, ошондой эле өнөктөш мейманканаларда жайгашуу боюнча сунуштар берилет.
Катышуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, бардык маршруттар боюнча адистештирилген кызматтар коштоп жүрүшөт.