Кыргызстанда жаныбарларды багуу жана көбөйтүү боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Кыргызстанда жаныбарларды багуу жана көбөйтүү боюнча жаңы эрежелер бекитилди

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомдун максаты — жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма чөйрөдө багуу жана көбөйтүү тармагындагы мамилелерди тартипке келтирүү, ошондой эле мыйзамдардагы шайкеш эместиктерди жоюу.

Ага ылайык, аталган багыттагы жаңы эрежелер бекитилип, жаныбарларды кармоо жана көбөйтүү тартиби такталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Толук маалымат: https://www.gov.kg/ky/npa/s/4794
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти

Ошто жаңы чек ара посту жана кызматтык үй ачылды

Жалал-Абаддагы алмашуу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды