Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча мониторинг жүргүздү.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү 2026-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик, салык кызматы, ички иштер органдары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын аймагында, ошондой эле "Алтын Казык" жана "Глобус" соода түйүндөрүндө жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, облус боюнча уй этине 670 сом, кой этине 680 сом өлчөмүндө максималдуу чекене баа белгиленген. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө айрым соода түйүндөрүндө уй эти белгиленген баадан жогору сатылып жатканы аныкталды.

Анын негизинде "Алтын Казык", "Глобус" соода борборлору жана Оторбаев көчөсүндөгү эт сатуучу жайга карата мыйзам бузуу фактылары катталып, 3 протокол түзүлдү. Объект ээлерине административдик айып пулдар салынды.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" социалдык айылында өз алдынча иштеп, үй-бүлө кургандар бар

"Манас" социалдык айылында өз алдынча иштеп, үй-бүлө кургандар бар

Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Чүйдүн Мураке айылындагы майыптыгы бар жарандар үчүн адистештирилген “Манас” социалдык айылынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 2004-жылы негизделген бул коомдук бирикме майыптыгы бар адамдарды обочолонтпой, аларды эмгекке жана чыгармачылыкка аралаштырууну көздөйт. Учурда мында 17ден 40 жашка чейинки 24 тургун жашайт. Алардын көбү мурда мамлекеттик стационардык мекемелерде тарбиялангандар.

Чүйдө жол курулуш иштериндеги кемчиликтер аныкталды

Чүйдө жол курулуш иштериндеги кемчиликтер аныкталды

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй облусундагы жол тейлөө ишканаларын кыдырып, курулушу жүрүп жаткан унаа жолдорундагы иштердин аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришити. Иш сапардын алкагында мекеме жана ишканалардын иш кагаздары каралып, техникалык парктар текшерилди. Ошондой эле өндүрүштүк иштердин жүрүшү боюнча маалыматтар угулду. Кыдыруу учурунда

«Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотур уюштурулат

«Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотур уюштурулат

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана «Хан-Тенгри Нарын» ЖЧКсы менен биргеликте «Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотурду уюштурат. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, жарыш 2026-жылдын 4–7-май күндөрү Нарын шаары жана ага чектеш туристтик маршруттарда өтмөкчү. Иш-чаранын негизги максаты

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиевдин тескемесине ылайык, мамлекеттик мекеменин башкы