Араванда 74 млн сомго жаңы мектеп курулуп бүттү
Ош облусунун Араван районунун Гүлбаар айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, жакын арада пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 74 миллион сомду түзгөн.
Буга чейин айылда иштеп келген мектеп 1980-жылы ашар жолу менен административдик имарат катары курулуп, кийин билим берүү мекемеси катары колдонулуп келген. Алгач анда 67 окуучу билим алган.
Учурда эски имарат бузулуп, анын ордуна жалпы аянты 1066 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап мектеп салынды. Жаңы билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн бардык шарттар каралган.


