Бишкекте аттракциондордун коопсуздугу жана баасы көзөмөлгө алынат
Бишкек шаарынын мэриясында аттракциондордун иштөөсүнө байланышкан маселелер боюнча жыйын өттү. Жыйын мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында уюштурулду.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарага райондук администрациялардын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Бишкек ШИИББи, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана башка тиешелүү мекемелер катышты.
Жыйында аттракциондордун коопсуздугу, жабдуулардын техникалык абалы, кызмат көрсөтүүлөрдүн баа саясаты жана көңүл ачуучу жайларга көзөмөлдү күчөтүү маселелери каралды. Ошондой эле жайкы сезонго даярдык жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Белгиленгендей, учурда Бишкекте 6 парк иштеп жатат, дагы 2 парк реконструкцияланууда. Мындан тышкары, соода-оюн-зоок борборлорунда 10 балдар аянтчасы бар.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга аттракциондордун ээлери менен бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө, башаламан сооданы токтотуу жана коомдук тамактануучу жайларды текшерүү тапшырылды.
Ошондой эле Бишкек ШИИББине коопсуздукту камсыздоо максатында “паровозиктерди” пайдаланууну жөнгө салуу жана батуттарды мыйзамсыз колдонууга бөгөт коюу милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары, майыптыгы бар балдар үчүн оюн аянтчаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде жеңилдетилген шарттарды же атайын баруу күндөрүн киргизүү маселеси каралууда.