Бишкекте шаар куруу тармагы толук санариптештирилет
Курулуш министрлигине караштуу Архитектура жана шаар куруу департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгында шаар куруу тармагын санариптик форматка өткөрүү жана бюрократияны кыскартуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жыйынга курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбеков, департамент директорунун орун басары Алмаз Мажитов, Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана санариптештирүү боюнча жооптуу адистер катышты.
Жолугушууда башкармалыкты санариптештирүү долбоорунун жетекчиси Феликс Шапиро аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда документтерди электрондук форматта кабыл алуу жана берүү, ошондой эле санарип колтамгаларды колдонуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле жыйында жарандар арыздарды онлайн берип, документтердин даяр болуу процесси менен толук таанышып, көзөмөлдөй ала турган система сунушталды.
Жыйынтыгында Бактыяр Станбеков 2026-жылдан тарта бардык бизнес-процесстерди толук автоматташтырып, документтерди толугу менен электрондук форматта кабыл алууга өтүү тапшырмасын берди.