Илимий мекемелерге финансылык көзкарандысыздык берилди
2026-жылдын 6-апрелинде КРнын Президентинин №135 Жарлыгы кабыл алынып, илимий ишти реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер бекитилди.
Улуттук Илимдер Академиясы тараткан маалыматка ылайык, жарлыктын натыйжасында, ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү арттырылып, илим, билим берүү жана өндүрүш тармактарынын байланышы чыңдалат. Ошондой эле илимий башкарууну оптималдаштыруу максатында бир катар мекемелерге финансылык автономия берилет.
Алардын катарына Президентке караштуу Улуттук илимдер академиясы, анын карамагындагы илимий институттар, ошондой эле Министрлер Кабинетине, тармактык мамлекеттик органдарга жана жогорку окуу жайларга караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдар кирет.
Бул өзгөртүүгө ылайык, эми илимий мекемелер өздөрү тапкан каражаттарды өз алдынча пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул кадам илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө шарт түзөрү күтүлүүдө.
Бул боюнча бүгүн Улуттук илимдер академиясында жыйналыш болуп, президент Канатбек Абдрахматов өзүнүн эмгек жамаатына жана илимий институттардын директорлоруна жакшы жаңылык менен бөлүштү.
