Кыргызстан халал индустриясында эл аралык позициясын бекемдөөдө

Кыргызстан халал индустриясында эл аралык позициясын бекемдөөдө

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборунун директору Айнура Ахмеджанова Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан I Эл аралык халал-аккредитация конгресске (1st International Halal Accreditation Congress) катышууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, конгресс 2026-жылдын 6–8-апрель күндөрү өтүп, Түркиянын Халал-аккредитация агенттиги (HAK) тарабынан уюштурулууда. Бул форматтагы алгачкы ири эл аралык иш-чара болуп саналат.

Иш-чара дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген илимпоздорду, индустрия өкүлдөрүн жана мамлекеттик органдарды бириктирген глобалдык платформа болуп эсептелет.

Конгресстин алкагында халал сертификаттарын өз ара таануу механизмдери, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун инновациялык ыкмалары талкууланып, эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө маселелери каралууда.

Белгилей кетсек, халал чөйрөсүндөгү сапат инфраструктурасын өнүктүрүү Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана улуттук аккредитация системасынын эл аралык деңгээлдеги аброюн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Аналитиктердин пикиринде, 1-апрелден тарта киргизилген экспортко тыюу Россиянын күйүүчү май рыногундагы абалды толук турукташтыра албайт. Анткени кошумча күйүүчү май көлөмдөрү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун токтоп калуусуна байланыштуу "жутулуп кетерин" "Компания Уфаойл" аналитикалык тобу билдиргенин Коммерсантъ жазды. Тыюу күн сайын өлкө ичинде кошумча 6–7 миң тонна

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, добуш берүү укугуна ээ болгонун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, бул кадам Кыргызстандын эл аралык инвестициялык аренадагы позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү салым

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Кемин" жана "Балыкчы" подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоор Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Ош шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү жарандардын кайрылуусунун негизинде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан объектте жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги жана кызма