Райондук судья 26 миң доллар пара алып кармалды

Райондук судья 26 миң доллар пара алып кармалды

УКМК тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда коррупциялык схема аныкталганы маалым болду.

УКМКнын билдиришинче, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жаран Т.М.Т.га эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарып берүүнү убада кылып, 26 миң доллар алган. Бирок, кийинчерээк берген убадасын аткарган эмес.
УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья Ш.Б.Ж. мурда алган акчасынын бир бөлүгүн — 85 миң сомун кайтарып берип жаткан жеринен кылмыш үстүндө кармалды.

Судьялар кеңеши судья Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү чечимин кабыл алган. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар сот системасынын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Ош шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү жарандардын кайрылуусунун негизинде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан объектте жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги жана кызма

Бишкекте аттракциондордун коопсуздугу жана баасы көзөмөлгө алынат

Бишкекте аттракциондордун коопсуздугу жана баасы көзөмөлгө алынат

Бишкек шаарынын мэриясында аттракциондордун иштөөсүнө байланышкан маселелер боюнча жыйын өттү. Жыйын мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында уюштурулду. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарага райондук администрациялардын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Бишкек ШИИББи, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана башка тиешелүү мекемелер катышты. Жыйында аттракциондордун коопсуздугу, жабдуулардын техникалык абалы, кызмат көрсөтүүлөрдүн баа саясаты жана

Брюссель соту "Бакай Банкка" коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты

Брюссель соту "Бакай Банкка" коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты

Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз деп табылды. Мындай чечимди жакында Брюссель шаарындагы сот кабыл алганбыгын КРнын Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жеке баракчасында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы «Ачык диалог фонду» (ODF) өз сайтында жарыялаган макалаларында «Бакай Банкты» Россияга карата санкцияларды айланып өтүүгө катышкан деп айыптап,

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча 386 арыз түшкөнүн билдирди. Ал бул тууралуу депутат Нурбек Сыдыгалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат ишкерлер УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине, тактап айтканда, мүлктү күч менен тартып алуу фактыларына